Борбор калаада унаа уурдоого шектелип Чүй облусунун 18 жаштагы тургуну кармалды

Борбор калаада унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 49 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 15-август күнү кечинде белгисиз жарандар май куюучу жайлардын биринин жанында токтоп турган Volkswagen үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2016-08-17 16:50:07
бащка машиналардыда мойнуна койот жакшы кылат беле кармалса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан