2009-жылы 17-августта эртең менен саат 8:13тө (жергиликтүү убакыт менен) Енисей дарыясында жайгашкан Саян-Шушен ГЭСинде авария болгон. №2-гидроагрегат иштебей калып, суунун басымы менен өз ордунан козголгон. Бул агрегаттан бөлөк дагы тогуз агрегат иште болгону менен, автоматтык коргонуу системи көбүндө иштеген эмес. Суу станциянын техникалык бөлмөлөрүн каптап кетип, станциянын электр кубаты өчүп калган. Жыйынтыгында кызматкерлер кирип жаткан сууну өздөрүнүн күчү менен токтотууга мажбур болушкан. Авариянын кесепетинен 75 киши набыт болгон.
17-августтун жылнаамасы.