Азербайжанда бир катар оппозиция мүчөлөрү камакка алынышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Кармалгандардын арасында “Республикалык альтернатива” тобунун мүчөсү Натиг Жафарли да бар. Ал “бийликти мазактаган, анын кесепети референдумдун жыйынтыгына олуттуу таасир этиши мүмкүн” деп айыпталып, 4 айга камакка алынган. Ал эми жогорудагы аталган топтун дагы бир мүчөсү Тогрул Исмаилов “полицияга баш ийбей койгон” деп камалды. Ошондой эле NIDA коомдук кыймылынын катышуучулары, "Элдик фронт" партиясынын өкүлү Масуд Рзалы да камакка алынган болчу. Көпчүлүк алардын камакка алынышын референдумга байланыштырышууда.
Айта кетсек, сентябрь айында Азербайжанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөрү күтүлүүдө.