Европалык Олимпиада комитеттеринин башчысы Патрик Хики Олимпиада оюндарына мыйзамсыз билет сатуу иши боюнча Рио-де-Жанейродо камакка алынды. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Патрик Хики "бул оюндарга билеттерди кымбат сатуу максатында мыйзамсыз жол менен алып сатарларга өткөрүп берген" деп шектелүүдө. Азыркы тапта ал ээлеген кызматынан убактылуу бошотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Маалымат үчүн: Европалык Олимпиада комитети - Европанын ондогон Улуттук Олимпиада комитеттеринин башын бириктирген уюм.