Лейлек районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 10 турак жайды жана 8 чакырым ички чарбалык жолду суу каптады

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 10 турак жайды жана 8 чакырым ички чарбалык жолду суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Булак айыл аймагында кечээ, 17-августта саат 18:10 чамасында тоолордо жааган жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүп, Миң-Жыгач айылындагы 10 турак үйдүн короолорун, 8 чакырым ички чарбалык жолду, 1 чакырым ички арыктарды сел каптаган. Ошондой эле сугат суусун алып өтүүчү 4 түтүктү агызып кеткен.

"КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү жана айыл аймак тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлдү, райондук №13-Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Тазалоо иштерине 1 грейдер тартылган. Тогуз-Булак айыл аймагында 2015-жылы КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары боюнча түзүлгөн атайын мерчемдин негизинде калкты жана аймакты селден коргоо максатында сел өткөрүүчү сайдын кооптуу болгон 200 метр аралыгы тазаланган.Ошондой эле Ак-Суу айыл аймагында 2014-2015-жылдары сел өткөрүүчү сайга жээктерин бекемдөө үчүн габион торчолору орнотулган.18-август күнү Лейлек райондук жарандык коргоо комиссиясы тарабынан кошумча изилдөө, тактоо иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kg_boy__91
2016-08-18 10:15:36
Ватсаптан жонотсом чышарбадынарго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан