Бостери айылында сел жүрүп, 7 турак жайдын жана 1 кафенин алдын суу каптады

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында сел жүрүп, 7 турак жайдын жана 1 кафенин алдын суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августта саат 21:00 чамасында жааган жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүп, Бостери айылындагы Алжаңбай көчөсүндө 6-7 турак жайдын короосун жана 1 кафенин астын сел каптаган.

"Бүгүн, 18-августта райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлөт. Кошумча маалымат берилет. Бактуу-Долоноту айылында селден зыянга учураган ат майдандын тилкесин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан