Таласта пара менен кармалган жатак-абактын жетекчисинин иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №39-жатак-абагынын жетекчиси А.А. үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда 11 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал жазасын өтөп жаткан жаранды өз мөөнөтүнөн мурда бошотууну убада кылган.
“Бул факт боюнча “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Учурда иш Бакай-Ата райондук сотуна өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат башкы көзөмөл органынын маалыматында.