Москва районунда алдамчылыкка шектелген 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-август күнү милиция кызматкерлерине 39 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Алмаз аттуу чала таанышы апрель айында баласын Кореяга алып кетем деп 1700 доллар акча алып, ушул убакка чейин дайынсыз болуп жатканын билдирген. Бул факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү 30 жаштагы Д.А. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.