Нарында бир канча соодагердин акчасын алып, бербей жүргөн жаран сот жообуна тартылды

Нарында бир канча соодагердин акчасын алып, бербей жүргөн жаран соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Нарын облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1960-жылы туулган Д.Бактыгүл “алдамчылык” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери боюнча айыпталган. Кылмыш ишин Нарын шаардык соту караган. Анда
Д.Бактыгүл соттун өкүмү менен 3 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренеси (шарттуу соттоо) колдонулуп, 2 жылга сынак мөөнөтү чектелди. Мындан сырткары соттолуучуга келтирилген материалдык чыгымдарды өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин бир жылдын ичинде төлөп берүү милдеттендирилди.

Айта кетсек, Д.Бактыгүл 2014-жылдын апрель айында Нарын шаарындагы “Береке” базарында соода-сатык кылып иштеп жүрүп, ошол базарда иштеген С.Сдан 25 миң сом, Ш.Сдан 28 миң сом алган. Ошондой эле ошол жылдын июнь айында Т.Сдан 120 миң сом, ал эми 2015-жылдын башында М.Иден 100 миң сомдук товарын алып, ушул убакка чейин бербей келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан