Ысык-Ата районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 71 жаштагы Кең-Булуң айылынын тургуну кайрылган. Ал 8-август күнү белгисиз жарандар букасын уурдап кетишкенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Нарын облусунун Ш.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.