Сокулук районунда бейбаштыкка шектелип 34 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунда бейбаштыкка шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыз менен 48 жаштагы Шопоков шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 19-август күнү саат 03:00 чамасында Руслан аттуу чала таанышы мас абалында кафеден ичкен-жеген тамагынын акчасын төлөбөй, айнектерди талкалап салганын билдирген. Кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Р. Р. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2016-08-21 15:48:33
Президентти чупорок деген Руслан эмеспи???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан