Чүйдө тургундун унаасынан 130 миң сом акчасын уурдап кеткен адам кармалды

Чүйдө тургундун унаасынан 130 миң сом акчасын уурдап кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-август күнү милиция кызматкерлерине Москва районунун 56 жаштагы тургуну кайрылып, белгисиз адам унаасынан 130 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Л.М. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан