Ноокат районунда эки унаа сүзүшүп, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 21-август күнү таңкы саат 06:30 чамасында Ош-Баткен унаа жолунун 72-чакырымында болгон.
“Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Корона үлгүсүндөгү 2 унаа сүзүшкөн. Натыйжада экинчи унаадагы 1 адам каза таап, 3 адам жабыркаган. Ал эми Мерседес Спринтер унаасындагы бир адам жеңил жаракат алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, биринчи унаада кыпчылып калган адамды чыгарышкан”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.