Ошто "аялын унаасы менен сүзүп, андан соң далысына үч жолу бычак сайган" деп шектелген жаран кармалды

Ошто "аялын унаасы менен сүзүп, андан соң далысына үч жолу бычак сайган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 19-август күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарындагы Ж.Мамытов көчөсүндө болгон. Анда милиция кызматкерлерине 1988-жылы туулган келин кайрылып, күйөөсү Мирлан унаасы менен сүзүп, андан соң далысына үч жолу бычак сайганын айткан. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган М.Р. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman-moskva
2016-08-22 15:37:26
Адам дар не болтат барган сайын камап чыгар баш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан