Жайыл районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды

Жайыл районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"17-июль күнү милиция кызматкерлерине 42 жаштагы К.З. аттуу тургун кайрылып, белгисиз адам жайлоодогу атын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Нарын облусунун тургуну Б.А. кармалган. Учурда “мал уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан