Тоң районундагы мөндүрдөн улам кылкандуу дан эгиндери зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-август күнү саат 16:00 чамасында Тоң районунун аймагында мөндүр жааган. Анын кесепетинен Коңур-Өлөң, Көл-Төр, Тогуз-Булак, Жер-Үй, Көк-Сай айылдарындагы кылкандуу дан эгиндери зыянга учураган. Учурда Тоң райондук жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда.