Ысык-Көл облусунда эл аралык террордук уюмдун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган А.И. жана 1989-жылы туулган З.И. 20-августта кармалган.
“Кармалган эки адам кыргыз жарандары эмес. Алар чет өлкөдө эл аралык террордук уюмдун лагеринде машыгуудан өтүшкөн. Учурда алар коңшу өлкөнүн күч кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.