Жалал-Абад жана Нарында мыйзамсыз курал сактаган эки жаран кармалды

Жалал-Абад жана Нарын облустарында ыкчам иликтөө иш-чаралары өткөрүлүп, 2 даана мыйзамсыз курал-жарак табылганын ИИМден кабарлашты. Маалыматка таянсак, Тогуз-Торо РИИБинин кызматкерлери 46 жаштагы Р.К. аттуу адамдан уруксаты жок ИЖ-27 үлгүсүндөгү 16 калибрдүү ок атуучу курал табышкан. Ошондой эле Ат-Башы РИИБинин милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракетинин негизинде 53 жаштагы К.М. аттуу адамдан ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган. Азыркы тапта материалдар топтолуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zevs
2016-08-23 09:21:53
Ozbekstan ne boldu bir kabar berip koygulachy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан