Тоң районунда жаап өткөн мөндүрдөн улам 253 гектар айдоо аянтындагы дан эгиндери зыянга учурады

Тоң районунда жаап өткөн мөндүрдөн улам 253 гектар айдоо аянтындагы дан эгиндери зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мөндүр 20-21-22-август күндөрү аталган райондун Көл-Төр, Болот Мамбетов жана Ак-Терек айыл аймактарында жаап өткөн. Анын кесепетинен Көл-Төр айыл аймагы боюнча 177,80 гектар арпа, 58 гектар буудай, 0,50 гектар сулу, ал эми Болот Мамбетов айыл аймагы боюнча 11,30 гектар арпа, 80,44 гектар буудай жана Ак-Терек айыл аймагы боюнча 25 гектар арпа зыянга учураган. Алдын ала маалыматка караганда, жалпы келтирилген чыгым 2 миллион 527 миң сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан