Ош шаарында 2 жашар бала "сууга агып кетиши мүмкүн" деген негизде изделип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, 22-август күнү саат 10:30 чамасында шаардагы Таджикская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен телефон чалуу болуп, 2014-жылы туулган Г.С. аттуу эркек бала үйүнүн артынан агып өткөн Увам каналына агып кеткен болушу мүмкүн деп изделип жаткандыгы боюнча маалымат берилген. Ош шаарынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары издөөгө чыгышып, таба алышкан эмес. Бүгүн издөө иштери уланат.