“Ак-Тилек унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында кыргыз жараны аткезчилик жүк менен кармалды

“Ак-Тилек унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында кыргыз жараны аткезчилик жүк менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"Кармалган кыргыз жараны өлкө аймагына Казакстандан күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган. Анын жүк ташуучу Мерседес Бенц унаасын текшерген учурда ичинде 1100 литр күйүүчү май болгон. Анда жүккө тиешелүү эч кандай уруксат документтери болгон эмес. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран жана жүк Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан