Түштүк Сахалиндеги атайын кармоочу жайдагы кыргыз жаранынын өлүмү боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта орусиялык маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, 22-август күнү административдик жазага тартылгандарды кармоочу атайын жайга кыргыз жараны алынып келинген. Кийин анын асынып алганы белгилүү болгон. Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Каза тапкан жарандын аты-жөнү жана Орусиянын аймагындагы укуктук абалы такталууда.