Ош шаардык милициясы спорт мектептеринин машыктыруучуларын тарбиялануучуларды катуу көзөмөлгө алууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошов Ош шаарындагы спорттук клубдардын машыктыруучулары менен жолугушуу өткөрүп, спорт мектептеринин тарбиялануучуларын катуу көзөмөлгө алуу керектигин белгилеген.
“Айрым таза эмес саясатчылар максатына жетиш үчүн жаштарды жана спортчуларды колдонуп, акырында спорт мектептеринин балдары күнөөлүү болуп калган учурлар болгон. Бирок бул балдар өз өлкөсүнүн патриоттору болуш керек. Алган тажрыйбаларын жарандарды тоноп, карактап эмес, эл аралык мелдештерде көрсөтүшү абзел. Машыктыруучулар балдар үчүн жооптуу. Мындан улам тарбиялануучуларды катуу көзөмөлгө алуу зарыл”, - деди Кылыч Жолдошов.