Бишкек шаарынын Жол-патрулдук милициясынын мурдагы башчысы Зумрад Жанабаеванын соту кийинкиге жылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Бүгүн Октябрь райондук соту Зумрад Жанабаеванын ишин карамак. Бирок судьянын ооруп калганына жана мамлекеттик айыптоочунун келбей калганына байланыштуу сот иши 9-сентябрга жылдырылды.
Айта кетсек, 2015-жылдын декабрь айында Жол-патрулдук милициясынын бир катар кызмат адамдарына Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдалануу”, “кызматтык жасалмалык” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде ошол учурда Бишкек шаарынын Жол-патрулдук милициясын жетектеп турган Зумрад Жанабаева 24-мартта кармалган. Ал эми апрель айында ал үй камагына чыгарылган.