“Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында кыргыз жараны башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 1994-жылы туулган К.Н. аттуу кыргыз жараны башка адамга тиешелүү паспорт менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Анын айтымында, паспорт агасыныкы болгон. Ал эми өзүнүкүн жоготуп алган. Коңшу өлкөгө жумуш издөө үчүн кетип бараткан. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.