Казакстан. Актауда зордукталган 6 жашар кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат

Казакстандын Актау шаарында зордукталган 6 жашар кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 20-август күнү Актау шаарынын 1-кичи районунда орун алган. Анда чоң энеси менен жумушка келген кыз саат 12:30 чамасында жоголуп кеткен. Бир саат бою өз алдынча кызды издеген чоң энеси аны таба албай, полицияга жардам сурап кайрылган. Издөө иштеринин алкагында кыз саат 17:30 чамасында Приморский айылынын аймагынан табылган. Күндүн ысыгында сыртта кансырап жаткан кыз оор абалда ооруканага жеткирилген. Медициналык кароодон кийин анын зордукталганы аныкталган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнү издөө иштери кызуу жүрүүдө.

"Учурда кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер аны атайын өзүнө келтирбей жатышат, себеби ал оор психологиялык жаракат алды, андан сырткары башка жаракаттары да бар. Анын үстүнө кыз зордукталгандан кийин күндө көп жатып калган. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
xnurgul_gul
2016-08-23 17:34:26
А сакалын ортоон эки бутуу ХХХ
+1
admin_portal
2016-08-23 17:47:08
xnurgul_gul, этика нормаларын сактаңыз!
-7
Beko87
2016-08-23 17:36:03
Педофилдер ушунчалык жииркентчтуу адамдар!ХХХ ХХХ ХХХ
+3
admin_portal
2016-08-23 17:47:55
Beko87, провокация жаратуучу билдирүүдөн алыс болууну сунуштайбыз!
-13
aseras
2016-08-23 18:04:00
Тооба кылдым деп жакамды кармадым.эмне деген шумдук,ХХХ десе
+1
admin_portal
2016-08-23 18:05:26
aseras, этика нормаларын сактаңыз!
-9
Urmat_83
2016-08-23 18:12:47
Бул кызды зордуктаган зоокур кыргыз болбосун да.Каерде болсо илешип калчы элек кыргыздар
-7
lolo.1
2016-08-23 18:18:29
Убал болуптур. педофил донуз!омур бою "ошо"жерин иштебей шал болуп кал
+11
semo
2016-08-23 18:56:12
Канкор мыкаачы мындан башка не деш керек турмөгө отургузуш керек таап ошол жакта көрөт көргүлүктү
+3
Ada3003
2016-08-23 19:07:36
Эн жамман созду айткым келип таппай калдым адам эмес айбан да эмес...!!! Ылайымда кудайым жазасын берет... ичимден ушуп жаман болуп кеттим...
+5
gutler
2016-08-23 19:39:29
Педофилдерди кастрировать этиш керек,жаш бала эмес аялына жарабай куурап отсун. Камаса, чыккандан кийин кайра эле жаман ишине барат. Педофилия бул айыкпаган ооруу.
+3
Bazana
2016-08-23 23:25:44
Кантип кичинекей наристени кордошко дити барат эч эле тушуно албайым,ушунчалык жаман таасир берет элестетип тобо чачын тик турат,энеси догдурда кетсе кызын зордуктаган иш кылып адамдардын ан сезими озгордубу не ? Зоокурду созсуз таап ушунчалык кыйнаш кк туулганына окуно турган кылып.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан