Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын багыттагы "Альфа" тобу 23-август күнү кечинде Бишкектин Тыныстанов жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде атайын операция өткөргөнүн SUPER.KG'ге УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов 24-августта тастыктады. "Бир адам кармалды, бирок ок атылдыбы же жокпу, биз азырынча эч кандай маалымат бере албайбыз. Толук маалыматты тиешелүү иш-аракеттер аяктагандан кийин беребиз", - деди ал.