Таиланддагы кош жардыруудан 1 адам каза таап, 30дан ашык адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматтарга караганда, жардыруу 23-август күнү Паттани шаарында болгон. Биринчи жардыруу мейманканалардын биринин автопаркында болгон. Анда эч ким жабыркаган эмес. Ал эми экинчисинде башка мейманкананын алдында токтоп турган жүк ташуучу унаа жарылган. Анын кесепетинен 1 адам каза таап, 30дан ашык адам жабыркаган.
Жергиликтүү полиция жардырууларды өлкөнүн түштүгүндөгү көтөрүлүшчү күчтөрдөн көрүүдө.