23-августтан 24-августка караган түнү Бишкектин Тыныстанов жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде УКМК тарабынан атайын операция жүргүзүлгөн. Иш-чаранын алкагында террордук топтордун биринин лидери кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Ал 1992-жылы туулган О.И. аттуу кыргыз жараны болуп чыкты. Анын жанынан ПМ тапанчасы, РГД-5 гранатасы, жардыруучу затка колдонуучу каражаттар, 5,45 жана 9 миллиметрлик калибрлүү ок-дарылар, жихаддык материалдар жана 3 уюлдук телефон табылды. Ал ошол учурда камакка алынып, кылмыш иши козголгон. УКМК ыкчам издөө иш-чарасын улантууда.