Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 3 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 30 жаштагы К.К., 23 жаштагы Б.К. жана 22 жаштагы А.Т. Орусияда сот жана тергөөдөн качып жүрүшкөн. Алар “жасалма документ”, “уурулук”, “денеге оор залал келтирүү” беренелери боюнча айыпталышкан. Мындан улам алар Орусия Федерациясы тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Учурда кармалгандар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.