Италиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны өсүүдө (фото)

23-августтан 24-августка караган түнү Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталып, Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарларындагы бир катар имараттар кыйроого учурады. Соңку маалыматтарга караганда, андан каза болгондордун саны 22 адамга жетти. Ал эми дайынсыз болуп жаткандардын саны 100дөн ашууда. "La Repubblica" басылмасы куткаруу кызматына таянып, каза болгондордун саны дагы өсүүсү мүмкүн экенин жазууда. Учурда куткаруу жана издөө иштери жүрүп жатат.

2009-жылы да Италиянын Л'Акуила провинциясында катуу жер титиреп, каза болгондордун саны 179 адамга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sharos3
2016-08-24 15:18:19
Ылай кирпичтен салынган имараттар экенго
0
ilgis1991
2016-08-24 16:06:13
6 баллда ушундай болдубу?Кудай сактаа.
0
fly2010
2016-08-24 16:09:27
Бул уйлор илгерки уйлор болушу да мумкун. Кудай сактасын коруп уройун учат.
0
Guli000
2016-08-24 16:19:11
Тынч эле бололу кудай сактасын!
0
saltanat.
2016-08-24 16:33:25
6 балл кыйратып иет. Бизде 4 балл болгондо үйлөрдө трещиналар кеткен
0
Mile
2016-08-24 20:39:35
Италияда озу эски шаарлар коп беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан