Италиядагы жер силкинүү учурунда кырсыкка кабылгандардын арасында кыргыз жарандарынын бар-жогу такталууда

Италиядагы жер силкинүү учурунда кырсыкка кабылгандардын арасында кыргыз жарандарынын бар-жогу такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Италияда Кыргыз Республикасынын элчилиги же консулу жок. Аймагы боюнча Италия Швейцариядагы элчиликке карайт. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчилигине тактоо үчүн тапшырма берилди.

Айта кетсек, 23-августтан 24-августка караган түнү Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6 баллдан ашкан жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарларындагы имараттар жабыркаган. Кеминде 22 адам каза таап, 100гө жакыны ар түрдүү жаракат алганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kyrgyz_girl
2016-08-24 17:25:12
Швейцария элчилиги Италияда жургон мекендештин бир билдируусуно же звоногуна жооп берип койбойт анан кантип тактаар экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан