Боом капчыгайындагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Боом капчыгайындагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Патрулдук милициянын Чүй облусундагы башкармалыгынын өкүлү Тилек Исаев билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Айта кетсек, 23-август күнү Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 126-чакырымында Ысык-Көлдөн келе жаткан кичи автобус жеңил унааны ашып өткөн учурда дөңгөлөгү жарылып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 7 адам жабыркап, Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.

Боомдо жол тандабас менен бус кагышып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Guli000
2016-08-24 16:18:04
Э Алла озун сакта кырсыктардан,аябай эле коп болуп жатат жолкырсыгы!
0
tulpar90
2016-08-24 17:07:49
Чыгууга каршы келген жерден чыгыптыр
0
sabyr86
2016-08-24 22:00:58
Спринтерлер аңыраңдап айдашат самалет минип алышкансып.
+1
cholpon20000
2016-08-25 16:49:31
киши олбоптурбу деги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан