Казакстанда мобилдик тиркеме аркылуу акча которуулар 1-сентябрдан баштап текшериле баштайт (видео)

Казакстанда мобилдик акча которууларды текшерүүнүн жаңы критерийлери сентябрда күчүнө кирет. Бул тууралуу каржы вице-министри Ержан Биржанов билдиргенин казак басылмалары жазышууда.

Биржанов бүгүн Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору парламентте колдоо таап, эми мобилдик акча которууларды эки айдан кийин "жаңы ыкма менен" текшере башташарын билдирди.

"Жөнөкөй сөз менен айтканда: үч ай катары менен жүз адамдан котормо алып, суммасы ай сайын миллион теңгеден ашса, мамлекет келип: “Акча кайдан келди?” деп сурайт. Бул кадам менен көмүскө бизнестерди аныктоого жол түзүлөт. Банктар мындай которуулар боюнча салык кызматына маалымат бере баштады",- деп билдирди басылмалар.

Журналисттердин туугандар ортосундагы которуулар текшерилеби деген суроосуна вице-министр ай сайын жакындар бири бирине чоң суммадагы акчаны которушпай тургандыгын айтып, эгерде энеси кызына, атасы инисине акча которсо - эч кандай суроо жок экендигин кошумчалады. Ошондой эле 100 адам кайра-кайра бир адамга акча которсо анда ал текшериле тургандыгын билдирди.

25.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан