10 адамга "үй алып берем" деп акчасын бербей жүргөн жаран издөөгө алынды

10 адамга "үй алып берем" деп акчасын бербей жүргөн жаран издөөгө алынганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. Маалым болгондой, милицияга 10 жаран кайрылып, Нурлан Асанов аттуу жаран "Бишкек шаарынан үй алып берем" деп акчаларын алып, бүгүнкү күнгө чейин турак жай бербей келгенин айтышкан. Нурлан Асановго карата кылмыш иши козголуп, сот сырттан камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Азыркы тапта ага карата издөө жарыяланды.

41 жаштагы Н.Асановдон жабыркагандар болсо, Бишкек ШИИББинин байланыш телефондоруна кайрылышса болот: 43-71-75, 43-71-68.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан