Италиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 159 адамга жетти

23-августтан 24-августка караган түнү Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталып, анда каза тапкандардын саны 159 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарларындагы бир катар имараттар кыйроого учурады. Кеминде 368 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Учурда куткаруучулар кыйроолордун алдында калган жарандарды алып чыгуу менен алек. "Кыйроолордун алдынан алынып чыккандардын 90 пайызы өлүктөр болууда. Каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
admiral
2016-08-25 09:53:12
КУДАЙ САКТАСЫН
0
simone
2016-08-25 09:53:35
Аиии,жаман болгон тура! Сабыр берсин жакындарына!
0
travma
2016-08-25 10:33:20
Бизде 6,5 балл тез тез эле болотко, ошондо биздин уйлор курулуштар бышык болуп калабы?
0
Beksultan-007
2016-08-25 12:22:06
Travma-биздин шаарларда качан 6.5 балл жер титиреди.кудай сактасын. Бизде курулуп жаткан уйлор 5-5.5 балга да туруштук берсе жакшы.
0
Kroxa
2016-08-26 08:55:04
2,3 баллдан эле ошто уйлор кыйраган 6,5 балл болсо олгонубуз бышык болбой калсын уйлор аран турат этаждар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан