Аламүдүн районунда турак жайдан өрт чыгып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Константиновка айылындагы Садовая көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде орун алган. Анда бөлмөнүн ичиндеги диван, матрац, жана төшөнчүлөр күйүп кеткен. 1963-жылы туулган Г.Д. аттуу жаран түтүнгө ууланып каза болуп калган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.