Жети-Өгүз районунда катталган өрт кырсыгында 28 жаштагы жаран денесинен күйүк алып ооруканага түштү

Жети-Өгүз районунда катталган өрт кырсыгында 28 жаштагы жаран денесинен күйүк алып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тамга айылындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан турак жайдан өрт чыккан. Анда бөлмөнүн 80 чарчы метр жыгач шыбы, жыгач полу, сыналгы, муздаткыч жана башка үй оокаттары күйүп кеткен. Натыйжада 1988-жылы туулган А.А. түтүнгө ууланып, белинен 2-даражадагы күйүк алган. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабырлануучуну "Тез жардамдын" кызматкерлерине өткөрүп беришип, ал райондук ооруканага жеткирилген. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан