Ысык-Көл облусунда балык кармаганга барып торго илинип калган мас абалдагы 2 жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-августта саат 17:45те Бөкөнбаев айылынын 2 тургуну мас абалында катамаран менен көлдөн 5 чакырым алыстыкка чейин сүзүп барышып, балык кармай турган торго илинип калып, жээкке чыга албай калышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 38-ӨКБнын куткаруучулары катамаран менен сүйрөтүп келишип, жарандарды РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.