Бүгүн, 25-августта мурда соттолгондордун эмгек жумуштуулугун өнүктүрүү жана соттолгондордун бошотулгандан кийинки ресоциализациясы боюнча маалымат жыйыны өттү. Анда Борбор Азиядагы Эл аралык абактык реформанын аймактык директору Азамат Шамбилов төмөндөгүлөргө токтолду:
“Кыргыз Республикасында 100 миң адамга 167 соттолгон жаран туура келет. Бул, албетте, кичинекей өлкө үчүн жогорку көрсөткүч. Европанын бир катар өлкөлөрүндө соттолгондорго жаза тартуу убагында жумушка орношуп, үй-бүлөсүнө жардам берүүгө, доолордун ордун толтурууга мүмкүн болгон ресоциализациянын заманбап программалары иштеп келет. Ал тажрыйбаларды биздин өлкөдө да колдонуу керек, анткени мурда соттолгондордун жумуш менен камсыз болушун өнүктүрүү жана абактан бошотулгандардын ресоциализациясы өтө маанилүү. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн алгач Чүй жана Ысык-Көл облустары тандалып алынды”.
Айта кетсек, акыркы 5 жыл ичинде абактардан 8 миңден ашык адам бошотулган. Алардын жарымынан көбүнүн орто билими жок. Ал эми абактан бошогондордун 2 пайызы гана өз алдынча жумушка орношо алса, 40 пайызына жардам керек болгон.