Бишкекте жарабаган авиабилеттерди сатууга шектелип 31 жаштагы шаар тургуну кармалды

Бишкекте жарабаган авиабилеттерди сатууга шектелип 31 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ысык-Ата районунун 56 жаштагы М.С. аттуу жараны кайрылган. Анда ал Х.Р. аттуу жаран 15 жаштагы М.Н. аттуу кызынын ишенимине кирип, алдоо жолу менен 240 долларга Бишкек-Анталияга жарабаган билет сатып жибергенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 31 жаштагы Х.Р. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүүнүн дагы бир нече кылмышка катыштыгы бар экени аныкталып, ал камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан