"Сузак районунун Казарман автоунаа жолунда 15 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук патрулдук милициясынын кызматкери Нурлан Саркаров билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-август күнү саат 21:00дө Сузак районунун Казарман унаа жолунун 25-чакырымында Багыш айыл аймагынын Беш-Бала айылынын 2001-жылы туулган К.К. аттуу тургунун белгисиз айдоочу Toyota үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кеткен. Жабырлануучу жараат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
"Өспүрүмдү сүзүп кеткен Сузак районундагы Курманбек айылынын 1974-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну кармалды. Ал Сузак РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп билдирди Саркаров.