Борбор калаада июль айынын башында "үйлөрдүн бирин тоноого кирип, үй ээсин жана эки уулун бычактап кеткен" деген шек менен изделип жаткан 3 жаран кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
Буга чейин бул кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 1995-жылы туулган Б. у. Сыргак аттуу тургуну жана Нарын облусунун 1994-жылы туулган тургуну А. у. Саламат кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда кармалууда.
"Бул кылмышка шектүү катары Нурсултан, Гүлжигит жана Бектур аттуу жарандарды издөө иштери улантылууда. Кармалгандар жана издөөдө жүргөндөр бир кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Азыркы тапта иш сотко өтө элек, себеби кармалган эки жаран күнөөнү издөөдө жүргөндөргө жүктөөдө", - деп билдирди Казабаев.
Эске салсак, окуя 6-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында борбордогу Тынчтык жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда К.Ү. аттуу үй ээси намаз окууга даярданып жаткан учурда үйүнүн 1-кабатынан бирөөлөрдүн үндөрүн уккан. Бөлмөсүнөн чыккан үй ээси 2-кабатка чыгуучу тепкичтен беттерине медициналык бет кап кийген, 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз 4 жаранды көргөн. Үйдү тоноого киргендер үй ээси менен мушташып, аны бычактап, өз бөлмөлөрүнөн жардамга чуркап чыккан 26 жана 21 жаштагы уулдарын да бычактап, изин жашырып кетишкен.