Кабул шаарындагы Америка университетине жасалган чабуулдан 13 адам каза тапты

Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы Америка университетине жасалган чабуулдан 13 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, чабуул 24-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө болгон. Анда эки куралчан адам университетке кирип, студенттерди аткылашкан.

Алгач жардыруу болуп, анан аткылоо башталган. Натыйжада 7 студент, 3 полиция кызматкери жана 3 күзөт кызматкери жан берген. Ошондой эле 35 студент, 9 полиция кызматкери жабыркаган. Ал эми эки куралчан адамды жок кылуу операциясы дээрлик 10 саатка созулган. Жыйынтыгында алар өлтүрүлгөн. Азырынча кол салуунун себептери такталууда”, - деп жазышууда чет элдик маалымат каражаттары.

Кабулдагы Америка университети 2006-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анда миңден ашык студент билим алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beksultan-007
2016-08-25 17:06:12
Кудай сактасын. Америкага тиешеси барлардын баары коркунучтуу болуп калдыго. Бизде да АУЦА бар.ошондой обьектилерди катуу козомолго алышса экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан