Бишкекте "4 айлык баласын сабады" делген жаран боюнча соттук-психологиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү учурда Бишкектеги №1-СИЗОдо камакта отурат.
“Ага карата соттук-психологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал буга чейин психиатриялык ооруканада каттоодо турганы белгилүү болду”, - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Айта кетсек, буга чейин айыпталуучунун аялы алгач күйөөсү окуя тууралуу эч нерсе дебегенин, кийин милицияда “катуу ыйлаганынан сабагам” деп күнөөсүн мойнуна алганын билдирген.