23-августтан 24-августка караган түнү 6 баллдан ашкан жер титирөөдөн Италиянын борбордук бөлүгүндөгү Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарларындагы имараттар кыйроого учурап, бир нече адам уранды астында калган. 25-августта каза тапкандардын саны 250 адамга жетсе, 350дөн ашуун адам ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилгенин чет элдик ММКлар жазышты. Куткаруу иштерине 5 миңдей адам тартылган. Учурда 1500дөн ашуун адам үйсүз калып, убактылуу чатырларда, мектеп имараттарында жашап жатышат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Швейцариядагы элчилик жана Италиядагы диаспоралардын маалыматына таянып, каза болгон жана жаракат алгандардын арасында азырынча кыргыз жарандары тууралуу маалымат жок экенин билдирди.