Жалал-Абад облусунда 9 жаштагы кыз сууга агып кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-августта саат 12:15 чамасында Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу суусуна 2007-жылы туулган Т.М.А. аттуу кыз агып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №94-өрткө каршы бөлүмүнүн куткаруучулары барганга чейин айыл тургундары кыздын жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.