Кыргыз-казак чек арасында 47 жаштагы аял башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1969-жылы туулган Г.О. аттуу кыргыз жараны “Ак-Жол унаа жолу”
көзөмөл-өткөрүү жайынан чек арачылар тарабынан кармалган.
“Кармалган аял Казакстандын аймагына башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.