Нарын облусунда чатыр жаап жатканда бели ооруп жерге түшө албай калган жаран куткарылды

Нарын облусунда чатыр жаап жатканда бели ооруп жерге түшө албай калган жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-августта саат 12:12 чамасында Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин 1973-жылы туулган О.З. аттуу тургуну үйүнүн чатырын жаап жатканда бели ооруп жерге түшө албай калган. Аталган дарекке чакырылган куткаруучулар жаранды атайын шаймандардын жардамы менен жерге түшүрүп, "Тез жардамдын" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан