Бишкекте “Ислам мамлекети” деп аталган террордук топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран 1973-жылы туулган Р.И. аттуу Орусиянын жараны. Анын жашаган жерин текшерүүгө алган учурда “Ислам мамлекети” деп аталган террордук топтун желеги, ок атуучу курал, ок-дарылар, диний-экстремисттик маанайдагы китептер, телефон, дисктер, баңгизат, бет кап, граната табылган. Учурда Орусиянын жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилип, террордук топтун башка мүчөлөрүн кармоо иштери жүрүп жатат.